Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Түштүк Кореяда кыргыздар эгемендикти майрамдашат


Түштүк Кореядагы кыргыздар 7-сентябрда Кыргызстандын эгемендигинин 23 жылдыгын белгилешет. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, «Биримдик» коомдук уюмунун өкүлү Нурсултан Алтыбаев билдирди. Быйылкы майрамдык аземде мурдагы жылдардан айырмаланып, кыргыз тарыхына басым жасалат. Катышуучулар ушул темада атайын докладдарды окушат. Иш-чара спорттук оюндар жана концерттик программа менен коштолот.

Маалыматка ылайык, учурда Түштүк Кореяда 5 миңге жакын кыргызстандык окуп, иштеп жатат. Алардын 20 пайызын студенттер түзөт. (EzK)

XS
SM
MD
LG