Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:25

Түркия Тоолуу Карабак маселесинде Бакуну колдоону улантат


Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Армения менен Азербайжан ортосундагы талашка себеп болуп келаткан Тоолуу Карабак маселеси жаатында Анкара Бакуну колдоорун уланта берерин билдирди.

Эрдоган 3-сентябрь күнү Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Бакуда сүйлөшкөн соң, “Азербайжан менен Армения ортосундагы чатактын чечилиши – Түркия менен Армения ортосунда түшүнбөстүктөрдү да жокко чыгарат”,- деп белгиледи.

Калк жагынан армяндар үстөмдүк кылган Тоолуу Карабак Азербайжандан 1990-жылдардын башындагы согуштан кийин ажырап кеткен. Ошондон бери бул аймактын саясий келечеги боюнча армяндар менен азербайжандар эки башка көз карашты карманып келишет. Аймакта куралдуу кагылышуулар улам-улам кайталанып келет.

XS
SM
MD
LG