Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү чек арадагы жол курулушуна катышат


Бүгүн Баткендин Ак-Сай айылында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү жолугуп, чек арада талаш жаратып келаткан айланма жолдордун курулушуна катышат. Кыргыз тараптан вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев башында турган кишилер, Тажикстандан өкмөт башчынын орун басары Муродали Алимардон баштаган расмийлер келет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар Көк-Таш– Ак-Сай – Тамдык жана Исфара – Ворух жолунун курулушуна жеринен күбө болушат. Ошондой эле Лейлек районундагы Кулунду – Максат жолунда эки көпүрөнүн курулушу да башталат.

Быйыл жыл башынан бери Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушуна тажик тарап каршы чыгып, чек арада бир канча жолу жаңжал катталган. Өкмөттөр аралык ондон ашуун жолугушуулар болуп, августтун аягында тараптар жолдорду куруу боюнча макулдашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG