Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Боснияда “жихадчы” деп шектелгендер кармалды


Күч органдарында сурак берип жаткан 16 киши Сирия менен Ирактагы кандуу кагылыштарга босниялык жарандарды “алдоо жолу менен тарткан” деп шектелүүдө.

Полициянын маалыматына ылайык, өлкөдө 3-сентябрь күнү радикал топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча атайын операция өттү. Колго түшкөндөр арасында экстремисттик топко лидерлик кылып жүргөн Билал Босник аттуу мурда издөөдөгү жаран да бар. Радикалдык уюмдарга мүчө кишилер мамлекеттин батышында көбүрөөк экени айтылат.

Расмий маалымат боюнча учурда Ирак жана Сириядагы согушкерлер арасында Босниянын 340 жараны бар. Быйыл апрель айында чет элдеги куралдуу кагылышка катышкандарды жана аларды согушка тарткандарды 10 жылга камоо боюнча мыйзам кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG