Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

Мамбетов: Депутат Анвар Артыковдун үйү сүрдүрүлөт


Бишкектин башкы курулуш планы боюнча “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Анвар Артыковдун үйү сүрдүрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин башчысы Турдубек Мамбетов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлүнүн үйү сүрдүрүлүп, анын ордуна көп кабаттуу үй тургузулат.

- Депутат үйүмдүн жанындагы курулуш мыйзамсыз деп бизге бир нече жолу кайрылган. Бирок биз текшергенде аталган көп кабаттуу үйдүн курулушу мыйзамдуу экени аныкталган, - деди Мамбетов.

Бүгүн парламент жыйынында депутат Артыков курулуш агенттиги коррупцияга батып, анын жетекчиси мыйзамсыз курулуштарга жол берип жатканын айтып, Турдубек Мамбетовду иштен алууну талап кылган.

Бишкектин башкы архитектурасынын маалыматында, башкалаада миңге жакын объект курулуп жатса, анын 50гө жакыны мыйзамсыз. (UEz)

XS
SM
MD
LG