Кыргыз-кытай чек арасы 6-сентябрдан баштап 3 күнгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, чек ара Кытай Элдик Республикасындагы толгон Айды белгилөө майрамына карата жабылат.
Торугарт жана Эркеч-Там өткөрмө бекеттери жүргүнчү жана жүк ташыган автоунаалар үчүн 9-сентябрда ачылат (UEz)