Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Францияда "Гринпис" активисттеринин соту өтүүдө


Бүгүн Францияда "Гринпис" уюмунун 55 активистинин үстүнөн соттук териштирүү башталууда. Алар өлкөдөгү атомдук электр станцияларынын биринде нааразылык акциясын өткөргөнүнө байланыштуу соттолуп жатат.

Быйыл 18-мартта эколог активисттер Германия жана Швейцария менен чектеш Фессенхайм коммунасындагы АЭСке кирип барган. Муну менен алар станцияны кайтаруу жагы начар экенин көрсөтүүнү маскат кылганын айткан.

France-Press агенттигинин маалымдашынча, ошол акциядан кийин бийлик өлкөдөгү өзөктүк станцияларды кайтарууну күчөткөн.

Соттолуп жаткандардын арасында Германия, Франция, Түркия, Австрия, Венгрия, Австралия, Израил жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар. Эгер сотто алардын күнөөсү далилденсе 5 жылга чейин эркинен ажыратылып, өлкөгө кирүү укугунан ажырашы мүмкүн. (RK)

XS
SM
MD
LG