Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:12

Сауд Арабияда террорчу деп шектелгендер соттолду


Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарынын соту террорчу деген шек менен кармалган 24 кишини айыптуу деп таап, жаза мөөнөттөрүн чегерди. Соттолгондор арасында АКШ жараны да бар.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, соттолгондор террордук уюм түзүп, мунай чыккан жерлерге чабуул жасап, чет элдиктерге кол салууну пландаган деп айыпталды. 2 жылдан 27 жылга чейинки жаза мөөнөттөрү берилди. Америкалык жаран 17 жылга кесилди, анын 6 жылын жогорку технологиялар жаатындагы кылмыш үчүн.

Соттолгондор качан кармалганы тууралуу маалымат жок.

1-сентябрда жергиликтүү полиция "Ал-Каида" террордук тобунун мүчөсү деген шек менен 88 кишини кармаганы маалымдалган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG