Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

“Ал-Каида” жетекчиси уюмдун жаңы канаты түзүлгөнүн билдирди


“Ал-Каида” экстремисттик уюмунун башчысы Айман Завахирий Индия жана ага жакын өлкөлөрдө уюмдун жаңы канаты түзүлгөнүн билдирди.

Экстремисттик топтордун жүргүзүп жаткан ишине көз салуу менен алектенген АКШдагы SITE иликтөө борборунун маалыматына ылайык, террордук топторго тийиштүү интернет сайттарда таратылган виде кайрылууда Завахирий “Индия жарым аралында жихад желеги желбирейт” деп айткан.

Аналитиктердин божомолунда уюм бул кадамга соңку кездери террордук дүйнөдө аты чыккан “Ислам мамлекети” тобуна атаандашуу максатында барып жатат.

“Ал-Каида” тобу негизинен Ооганстан менен Пакистанда активдешкен.

Индия телеканалдары кабарлагандай, Завахирий жасаган кайрылуудан соң өлкөнүн мусулмандар жашаган ири үч штатында коопсуздук чаралары күчтөтүлдү.

XS
SM
MD
LG