Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:52

“Бир дүйнө - Кыргызстан” айылдарды кыдырып баштады


Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалынын уюштуруучулары айылдарды кыдырып, элге тасма көрсөтүп баштады. Уюштуруучулардын айтымында, адам укуктарына арналган даректүү тасмалар 15 күн ичинде өлкөнүн эң алыскы 24 айылында көрсөтүлөт.

Быйыл 8-жолу өтүп жаткан даректүү тасмалардын эл аралык “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалы Бишкекте 7-11-октябрь күндөрү өтөт. Даректүү тасмалар көрөрмандарга “Манас” кинотеатрында сунушталат. Быйылкы иш-чарада да адаттагыдай чет элдик жана улуттук тасмалар кошулуп, жыйырмадай фильм көрсөтүлөт.

Эл аралык “Бир дүйнө-Кыргызстан” - адам укуктары боюнча даректүү тасмалар фестивалынын бул жолку темасы БУУнун "Өнүгүүгө укук" декларациясынын негизинде тандалып алынган. Мурдагылардан айырмаланып бул жылы сүрөттөр топтомдору да кабыл алынган. (UEz/TSh)

XS
SM
MD
LG