Украинанын чыгышындагы Мариупол шаарында бүгүн таңдан бери атышуулар угулуп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Бирок “Азов” батальонунун маалымат кызматы салгылашуу аталган шаардан 10-15 чакырым алыста болуп жатканын, калаага коркунуч жок экенин билдирди. “Нью-Йорк Таймстын" кабарчысы Мариуполдун айрым тургундары Запорожья тарапка кетип жаткандыгын белгилеген.
Кечээ, 4-сентябрда орусиячыл жикчилдер шаарга чабуул койгон. Бирок украин армиясы аларды кайтарган. Ушул эле күнү Мариупол жана андан 22 чакырым алыстагы Широкино аймагына ЕККУнун байкоочулары барган. Алар бул аймак жаатташкандардын эч кимисинин көзөмөлүндө эместигин айтышкан. ЕККУ өкүлдөрү талаалардын өрттөлгөнүн, электростанциянын талкаланганын жана элдин жарыксыз отурганын айтышкан. (КЕ)