Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:58

Пакистанда нөшөрлөп жааган жаан ондогон адамдын өмүрүн алды


Пакистандын Пенжаб жана Азад Кашмир провинциясында нөшөрлөп жааган жамгыр ондогон адамдын өмүрүн алды. Пакистандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук башкармалыгы, 5-сентябрдагы нөшөрлүү жаандан кеминде 35 киши каза тапканын билдирди. Дагы ондогон адамдар жараат алышты. 4-сентябрдын кечинде 50 кишинин каза тапканы кабарланган. Равалпинди шаарынын бийлиги жаандан улам дарыянын деңгээли көтөрүлгөнүн айтып, жашоочуларды коопсуз жайга көчүрө баштады.

Синоптиктер өлкөнүн түндүгүндө жаан-чачын уланарын билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG