Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Путин аскерий - өнөр-жай комиссиясын жетектейт


Орусиянын президенти Владимир Путин жакынкы убактарда аскерий - өнөр-жай комиссиясын башкарат. Комиссиянын буга чейинки “өкмөттүн алдындагы” деген аталышы кыскарып, президентке баш ийет. Бул тууралуу “Коммерсантъ” президенттин администрациясындагы булактарга таянып жызды. Маалыматта аскерий - өнөр-жай комиссиясын азыркы жетекчи, вице-премьер Дмитрий Рогозин башкарары айтылган. Андагы реформалар туурасында маалыматтар сентябрдын орто ченинде жарыяланат дейт булак.

Аскерий - өнөр-жай комиссиясы коргонуу жаатында программа жана долбоорлорду кабыл алуучу негизги орган. Украинадагы соңку окуяларга жана Европанын Москвага карата киргизилген санкцияларынан улам бул өлкөдө курал-жарак программасын кайра карап чыгуу зарылчылыгы келип чыгууда.

3-сентябрда Франциянын президенти Франсуа Олланд Орусияга жөнөтүлчү “Мистраль” классындагы аскерий кемесин токтоторун билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG