Кант шаарындагы “Азия” медициналык институтунун 58 бүтүрүүчүсү диплом ала албай 3 айдан бери убара. Бул тууралуу аталган окуу жайдын бүтүрүүчүсү Саид Аттиф Наваз “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, Билим берүү министрлиги аталган окуу жайдын лицензиясын билим берүү стандарттарына жооп бербейт деген жүйө менен алып салган. Мединститут министрликти сотко берип эки ирет утуп алган. Мындай чечимге макул болбогон Билим берүү министрлиги окуу жайды жогорку инстанциядагы сотко берген.
Соттошуудан улам окуу процесси үзгүлтүкө учураган студенттер кечээ Бишкектеги Эмен багында нааразылык акциясын өткөрүшкөн.
“Азия” мединститутунда Пакистан, Индия жана Нигериядан келген студенттер билим алышат. Алар 6 жыл ичинде окуу жайга 660 миң доллардан ашуун акча төлөшкөн. (UEz/AiA)