Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Кыргыз жоокерлери Кытайдагы машыгуудан кайтышты


Шанхай кызматташтык уюмунун курамындагы мамлекеттердин Кытайда өткөн аскердик машыгуусуна кеткен 500 аскер кечээ кайтып келишти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ШКУнун курамындагы Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан жоокерлери катышкан машыгуу аймактагы террордук коркунучка каршы биргелешип аракеттенүү ыкмаларын иштеп чыгуу максатында өткөрүлгөн.

Эл аралык машыгуудан 3-орунду ээлеп кайткан Кыргызстандык 500 жоокерди куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчисинин орун басары Иляз Субанкулов Ошто кабыл алып, машыгуу учурунда өзгөчөлөнгөн жоокерлерге сыйлык ыйгарды.

Бул машыгууга Кыргыз армиясы 50 даана аскердик техникасы жана курал-жарагы менен он бир жарым миӊ чакырым жол басып барган. 25 күнгө созулган машыгууда кыргыз аскерлери жаӊы сунушталып жаткан аскердик форманы да сынап келишкен.

Буга чейин кыргыз армиясы башка өлкөдөгү машыгууларга мындай сандагы аскери жана техникасы менен барган эмес. (YI)

XS
SM
MD
LG