Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Минскте Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу макулдашылды


Минск шаарында Украина өкүлдөрү менен орусиячыл козголоңчулар жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат алтыдан баштап ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга кол койду. Бул тууралуу украин президенти Петро Порошенко менен ЕККУ тастыктады.

Украин премьер-министри Арсений Яценюктун "ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүү Евробиримдик менен АКШнын көмөгү колдоо тапканын билдирет" деп айтканын “Ассошиэйтед пресс” агенттиги жазды.

Бүгүнкү сүйлөшүүдө Орусия, Украина жана ЕККУнун, ошондой эле өздөрүн Луганск жана Донецк жумурияты деп атаган аймактын өкүлдөрү отурушту.

3-сентябрда украин президенти Петро Порошенко менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, апрель айынан бери уланып келаткан жаңжалды токтотууну сүйлөшкөн.

Бул убакыт аралыгында Украинанын чыгышында 2600 киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG