Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:06

Арстанбап: ата-энелер балдарын мектепке жөнөтүүдөн коркот


Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылындагы Бел-Терек орто мектебинде 230 окуучу авариялык абалдагы имаратта билим алууда.

Бул тууралуу мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Кабыланов билдирди.

- Мектеп имараты 1960-жылы ашар жолу менен курулган. 2006-жылы адистердин бүтүмү менен жараксыз деп табылган. Бирок башка мектеп жоктугуна байланыштуу балдар мына урайт деген имаратта окуп жатат, - деди Кабыланов.

Айыл тургуну Сүйүн Каназаров суук түшкөндөн тартып ата-энелер балдарын коопсуздук чараларына байланыштуу мектепке жөнөтпөй тургандыгын айтат.

Аймакта 250 түтүн калк бар, мектеп район борборунан 50 чакырым аралыктагы тоолуу өрөөндө жайгашкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG