Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Түндүк Корея баллистикалык ракеталарын сынады


Өткөн ишембиде Түндүк Корея жакынкы аралыкка учуучу 3 баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрдү. Бул сыноо корейлердин Чхусок аттуу салттуу майрамынын алдында ишке ашырылды.

Түндүк Корея куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын комитетинин өкүлү ракеталар 210 километрди басып өтүп, Чыгыш-Кытай деңизине кулап түшкөнүн билдирди.

Пхеньян учурган ракеталарды сеулдагылар тактикалык куралдын жаңы түрү деп айтышууда.

Түштүк кореялык Yonhap агенттигинин маалымдашынча, ушул жылдын башынан тарта Түндүк Корея 19 ракета учурган. Ал эми жалпысынан 111 ракетасын сыноодон өткөргөн.

XS
SM
MD
LG