Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:12

Баткенде чек арадагы көпүрөнүн курулушу башталды


Лейлек районундагы Максат - Кулунду көпүрөсүнүн курулушу 6-сентябрда башталганын “Азаттыкка” бүгүн район акими Тилеберди Арипов кабарлады.

“Учурда толугу менен курулуш иштери жүрүүдө. Көпүрө үч айдын ичинде курулуп бүтүп, кышка чейин колдонууга берилет”, - деди аким Арипов.

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду жана Максат айылдарынын тургундары бири-бирине катташ үчүн Тажикстандын аймагын аралап өтүүгө аргасыз. Жаңы көпүрө Жаңы-Жер, Бешкент, Маргун жана Кулунду айыл өкмөттөрүн район борбору менен байланыштыруу үчүн зарыл. Аталган кыштактардын тургундары учурда Тажикстандын бажы посту аркылуу каттайт.

Көпүрө курууга мамлекеттен 35 миллион сом каражат бөлүнгөн.

Тажик тарап буга чейин көпүрөнүн курулушуна каршы болуп келген. Мунун айынан бул аймакта 25-августта чек арада чыр чыгып, ок атылган.

26-августта болсо Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы жыйынга чогулуп, Максат - Кулунду көпүрөсүн куруу ишин сентябрдан тарта жандантууну сүйлөшкөн. (МТо)

XS
SM
MD
LG