Индиянын түндүгүндө жана Пакистанда акыркы күндөрү жүргөн жер көчкүдөн жана селден 300дөй адам набыт болду. Бул тууралуу эки өлкөнүн расмийлерине таянуу менен Associated Press агенттиги маалымдады.
Акыркы беш күндө Индиянын Кашмир аймагында 120 адам каза тапса, 450 айылды суу жууп кетти. Ушул эле убакыттын ичинде коңшу Пакистанда 160 адам набыт болду, миңдеген тургундар үй-жайсыз калды. Бул эки өлкөдө жыл сайын июнь айынан сентябрга чейин тынбай жааган нөшөрдөн улам дарыялар нугунан чыгып сел каптайт.
Байкоочулардын айтымында, быйылкы сел акыркы төрт жылдагыдан катуу болду. 2010-жылы ушундай эле табигый апааттан Пакистанда 1700 адам набыт болгон.