Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Укук коргоочу өкмөт башчынын жоопкерчилигин кароо талабын койду


Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Жогорку Кеңешке кайрылуусунда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев “Систем мүхендислик” компаниясы менен соттошууда Кыргызстандын эмес, мына ушул компаниянын кызыкчылыгын коргоп, мамлекетке зыян алып келди деп эсептейт. Буга байланыштуу парламент Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырма берип, өкмөт башчынын чечимдерин Кылмыш-жаза кодексинин негизинде текшерип чыгуусун өтүнөт.

Кыргызстан Түркиянын “Систем мүхендислик” компаниясына “Ак кеме” мейманканасы боюнча соттошууда утулуп, ага 11 млн. доллар төлөөгө милдеттендирилген. (AiT)

XS
SM
MD
LG