Кыргызстандан быйылкы ажылыкка аттанган зыяратчылар 8-сентябрдан тарта Сауд Арабияга уча баштайт. Алгачкы топтогу 147 адам Бишкектеги “Манас” аэропортунан бүгүн түштөн кийин жөнөп кетет. Аларды муфтияттын адистери коштоп барып, Мадина шаарындагы мейманкаларга жайгаштырат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Асан Саипов билдирди.
Быйыл ажылыкка Кыргызстандан 3705 киши аттанууда. Алардын 3685и атайын бөлүнгөн квота менен, 20 киши Сауд Арабия королдугу жиберген чакыруу аркылуу барат.
Зыяратка барчуларды Бишкектен жана Оштон Fly Dubai авиакомпаниясы ташыйт. Акыркы топ 28-сентябрда учуп кетет. 3-4-октябрь күндөрү Курман айт намазын ал жакта окуп, тиешелүү амалдарды аткарган соң, 11-октябрдан тарта ажылар Кыргызстанга кайта баштайт. (SE)