Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:25

Украина: аскерлер менен жикчилдер бири-бирин айыптоодо


Украинада аскерлер менен орусиячыл жикчилдер ок атышууну тототуу боюнча макулдашууну бузганы үчүн бири-бирин айыптоодо. Маалыматка ылайык, ушул түндө жикчилдер макулдашууну беш жолу бузуп, Ждановка, Пески жана Төмөнкү Крынкадан алыс эмес жердеги аскерлерди бир нече жолу аткылашкан. Өзүн "Донецк жана Луганск элдик республикасы" деп атап алгандардын өкүлдөрү болсо Енакиево, Очередино, Веселая гора тарапка украин артилериясы аткандыгын билдирип жатышат. Алардын айтымында, “Айдар” батальонунун аткылоосунан он жай тургун жабыркаган.

Донецк облусунун губернаторунун жардамчысы Константин Батозкийдин Фейсбукка жазганына караганда, жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Мариупол тарапка жикчилер чабуул койгон. Украин ички иштер министри Арсен Аваковдун белгилешинче, Мариуполго кошумча аскер күчтөрү тартылды. Бүгүн бул аймакка президент Петро Порошенконун келиши күтүлүүдө.

5-сентябрда Минск шаарында Украина өкүлдөрү менен орусиячыл козголоңчулар жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат алтыдан баштап ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга кол койгон болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG