Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:52

Министр Садыковго байланышкан жол кырсыгы иликтенүүдө


Өткөн жумада болгон билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун тиешеси бар жол кырсыгы иликтенип жатат. Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришкендей, 5-сентбярь күнү министр жеке унаасында баратып, Аалы Токомбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрү кесилишкен жерде 53 жаштагы айым айдап келаткан “Тойота камри” үлгүсүндөгү унаа менен кагылышып кеткен. Андан “Тойота камринин” айдоочусу жарат алып, ооруканага жеткирилген.

Эки автомашина тең ЖККнын атайын унааларды токтотуучу жерине коюлуп, окуя иликтене баштаган. Шаардык милициянын алдын-ала маалыматына ылайык, кырсык “Тойотаны” айдап бараткан айымдын күнөөсү менен болгону аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG