Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловдун уулу Бакай Өмүркуловду тоноп, унаасын тартып алгандарга карата кылмыш иши козголду.
Шаардык ички иштер башкармалыгы бүгүн тараткан маалыматка ылайык, 3-сентбярда Бакай Өмүркулов айдап бараткан “Мерседес” үлгүсүндөгү унааны бир топ кишилер токтотуп, аны белгисиз жака алып барышкан. Акчасын, уюлдук телефонун, документтерин жана кийимдерин тартып алып, өзүн Чоң-Арык айылына таштап кетишкен. 7-сентябрь күнү уурдалган автоунаа Ош шаарындагы кичирайондордун биринен табылганы айтылууда. Кылмыш жасагандар изделип жатат. (SE)