Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Лысенко: Аскерлер ок атышпоо келишимин бузган жок


Бул тууралуу Украинанын коопсуздук жана коргоонуу боюнча улуттук кеңешинин төрагасы Андрей Лысенко билдирди. Ал украин аскерлери ок атышпоо тууралуу макулдашуу келишимин бузбаганын, болгону согушкерлерге жооп иретинде гана атып жатышканын билдирди. Учурда жикчилдер Украинанын чыгышындагы Счастье шаарынын тегереги жана Луганск облусунун айрым айылдарында аткылоосун улантууда. Донецкте кайрадан атышуу жана жардыруулардын үнү угулуп жатат деп кабарлайт шаардык кеңеш. Өткөн түнү жикчилдер темир жолдун тегерегин аткылашкан. Азырынча каза тапкандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

5-сентябрда Минск шаарында Украина өкүлдөрү менен орусиячыл козголоңчулар ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга кол койгон болчу.

Бирок Украинанын чыгышында атышуулар уланып, аскерлер менен орусиячыл жикчилдер ок атышууну тототуу боюнча макулдашууну бузганы үчүн бири-бирин айыптоодо. (КЕ)

XS
SM
MD
LG