Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Гүлнара Каримовага коррупция боюнча кылмыш иши козголду


Өзбекстандын Башкы прокуратурасы президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага каршы коррупцияга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ачылган кылмыш иши Швециядагы эң ири Telia Sonera уюлдук телефон компаниясы менен Ташкенде Гүлнара Каримованын бизнес өнөктөшүнүн Takiland фирмасы ортосунда 300 миллион доллардай паракордук иши боюнча иликтөөгө байланышы бар деп маалымдалды. Бул иш боюнча Швецияда Каримовага каршы тергөө иши башталган.

Гүлнара президент Ислам Каримовдун тун кызы. Буга чейин анын он чакты жакын достору менен бизнес шериктерине кылмыш иштери ачылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG