Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Апрель окуясы Аскердик сотто карала баштайт


Адвокат Осунбек Жамансариевдин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын Аскердик соту апрель окуясы боюнча тараптардын апелляциялык арызын 15-сентябрда карай баштоону чечти.

Бишкек гарнизондук соту апрель окуясы боюнча июль айында чечимин чыгарган. Анда мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишини өмүр бою эркинен ажыратып, узак мөөнөткө кескен. Гарнизондук соттун чечимине жабырлануучулар тараптан да, айыпталуучулар тараптан да нааразылар чыгып, алар Аскердик сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG