Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Талас облбийлигинин кызматкерлерине иш козголду


Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Облустук бийлик өкүлдөрү аймакта спорттук иш-чараларды өткөрүү шылтоосу менен 53 800 сомду мыйзамсыз чегерип алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Учурда “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” жана “кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Облустук бийлик азырынча бул тууралуу комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG