Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:09

"Газпром Кыргызстандын" жетекчиси болуп Болот Абилдаев дайындалды


“Газпром Кыргызстан” ишканасынын жетекчиси болуп “Газпром нефть Азия” компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев дайындалганы тууралуу “Азаттыкка” өкмөттөн билдиришти. Маалыматты "Газпром Кыргызстан" ишканасы дагы тастыктады.

8-сентябрда Орусиянын “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер Кыргызстанга кезектеги иш сапар менен келген. Быйыл апрель айында “Газпром” компаниясы “Кыргызгаздын” акцияларын 1 долларга сатып алган. Андан соң мекеменин аталышы “Газпром Кыргызстан” болуп өзгөргөн.

Абилдаев мындан ары эки кызматты тең аркалайт. Ал каржы министри болуп турган кезде Кумтөр боюнча 2003-жылкы келишимди түзүүгө катышкан деген негизде өткөн жылдын күзүндө кармалган. Быйыл январда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. (SE)

XS
SM
MD
LG