Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Гүлнара Каримовага кылмыш иши козголду


Өзбекстандын Башкы прокуратурасы президент Ислам Каримовдун тун кызына коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголгонун жарыялады.

Өзбек баш прокуратурасынын 8-сентябрдагы маалыматына караганда, Рустам Мадумаров жана Гаянэ Авакян иши боюнча жүргүзүлгөн тергөөнүн натыйжасында “уюшкан кылмыш тобунун башка мүчөлөрү" боюнча ишти ажыратып, өзүнчө кароо керек болгон. Бул жерде кеп Гүлнара Каримова жана кылмыш тобунун башка мүчөлөрү тууралуу кетип жатканы айтылат. Башкы көзөмөл мекемеси жарыя кылган кабарга караганда, президент Ислам Каримовдун кызы "уюшкан кылмыш тобунун" мүчөсү болгон. Бул топту Н.Содиков, Р.Мадумаров, Г.Авакян түзгөн жана аны башкарган Содиков менен Мадумаров ишкерликке жамынуу менен көз боёмочулук, алдоо, жана жасалма документтер аркылуу мыйзамсыз аракеттерди жасап, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген.

Тергөөчүлөрдүн ишениминде, топтун мүчөлөрү мамлекеттик активдердин баасын жасалма түрдө ылдыйлатуу жана башка ыкмалар менен «Узбекистон хаво йуллари» Улуттук авиа компаниясынын 5,5 миллиард, «Coca Cola Ichimligi Uzbekiston Ltd.» компаниясынын 11,9 миллиард, «Ферганский НПЗ» ишканасынын - 40,1 миллиард сумдук өлчөмдөгү активдерин ээлеп алышкан.

Башкы прокуратура ошондой эле иштин бир бөлүгү, анын ичинде Гүлнара Каримовга байланышкан иш бөлүнүп, өзүнчө өндүрүшкө алынганын маалымдады. Бирок маалыматта кылмыш иши сотко качан өткөрүлөрү жана фигуранттарды канча жылдык жаза күтүп турганы тууралуу эч нерсе айтылбайт. Ошондой эле "кылмыш тобунун мүчөсү" аталып жаткан Гүлнара Каримованын баш коргоо чарасына байланыштуу сөз жок. Бирок президенттин кызы өзү жаздырган кабарларда ал дагы эле үй камагында отурганы айтылат.

Буга чейин Каримованын он чакты жакын достору менен бизнес шериктерине кылмыш иштери ачылган.

Өлкөнүн башкы прокуратурасы быйыл февралда коомчулукка Гүлнаранын жигити, же көңүлдөшү катары таанымал Рустам Мадумаров, Каримованын жакын бизнес өнөктөшү Гаяне Авакян жана Екатерина Клюева каржылык көз боёмочулук, мыйзамсыз бизнес жасоо, арам акчаны адалдаштыруу, салыктан качуу жана өлкөдөн чоң суммадагы акча алып чыгууга байланыштуу шектелип жатканын жарыялаган.

Андан көп узабай Каримованын Ташкендеги үйү коопсуздук кызматтары тарабынан тинтүүгө алынганы, анын компаньондору камалганы кабарланган эле. "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына маалым болгондой, Авакяндын наамына Гибралтар аймагында катталган компаниянын Швейцариядагы 600 миллион франкы жана Швециядагы 30 миллион АКШ доллары камакка алынган.

Швециялык тергөөчүлөр буга чейин эле өлкөдөгү эң ири Telia Sonera уюлдук телефон компаниясы менен ташкендик Авакяндын Takiland фирмасы ортосунда 300 миллион доллардай паракордук иши боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан.

Өзбекстанда Гүлнара Каримовага тийиштүү деп эсептелген бир нече маалымат каражаттарынын иши токтотулган жана алардын башын бириктерген Terra Group медиа холдингине да паракордук боюнча кылмыш иши козголгон. Гүлнаранын маданият жана өнөр иштерин колдогон "Форум" кору жабылып, прокурорлор бул уюмга тийиштүү имараттар менен бардык мүлктү конфискациялашкан.

Ошол учурда эле, быйыл жаз алдында Гүлнара Каримованын жакын достору өзбек президентинин эрке кызы бир нече күндөн бери байланышка чыкпай жатканын, ал иш жүзүндө үй камагына алынганын айтышкан. Ошондон бери ал үй камагында экени айтылып келет.

XS
SM
MD
LG