Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Ошто жаш келиндерди уурдоо аракети иликтенүүдө


Оштун Кара-Суу районундагы Нариман айылынын тургундары кыштактагы жаш келиндерди белгисиз кишилер уурдоого аракет кылганы тууралуу милицияга арыз жазды. Маалыматка ылайык, быйыл 2-сентябрь күнү 22 жаштагы Мафтуна Сабирова таңкы саат 6да көчө шыпырганы чыккан кезде бейтааныш адамдар “Хундай-Старикс” унаасында келип, аны уурдаганга аракет кылган. Бирок көчөгө кишилер чыгып калгандыктан, келинди таштап кетишкен. Унаадагылардын бири эркек киши, экинчиси кара хижаб кийген айым болгон.

3-сентбярь күнү түштөн кийин ошол эле айылдагы Нилуфар Рустамованы да уурдоого аракет жасалган. Нилуфар каршылык көрсөткөн учурда аны уруп, калтырып кетишкен.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев бул боюнча иликтөө жүргүзүлүп жатканын “Азаттыкка” билдирди:

- Кара-Суу райондук милициясы тарабынан окуя иликтенүүдө. Аймактагы бүт “Хундай-Старикс” унаалары текшерилип жатат. Кылмышкерлердин фотороботу да түзүлдү.

Ашырбаевдин айтымында, жабырлануучулардын көрсөтмөсү менен күбөлөрдүн айткандары бири-бирине дал келбей калган учурлар да болууда. (SE)

XS
SM
MD
LG