Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Швейцария Кыргызстанга ГЭС кургусу келет


Бул тууралуу швейцариялык Stucky энергетикалык компаниясынын жетекчиси Антуан Дюба 8-сентябрь күнү Бишкекте вице-премьер-министр Валерий Диль менен жолугушканда айтты.

Сүйлөшүү учурунда Дюба "Кыргызстан өзүнөн өндүргөн энергетиканы өлкө ичине сатуу менен катар аны экспорттоосо да болот. Биз жергиликтүү рынокту иликтеп, ушундай тыянакка келдик",- деди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Валерий Диль өлкөдө ишкерлик кылууга түзүлгөн шарт тууралуу маалымат берип, Кыргызстан европалык компаниялар менен иштешүүгө кызыкдар экенин белгиледи. (SE)

XS
SM
MD
LG