Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Индия менен Пакистан суу ташкында чогуу аракеттенүүдө


Индия менен Пакистандын аскерлери суу ташкындан жабыркаган адамдарды куткарууда. Талаштуу Кашмир регионун каптаган топон суу бери дегенде 320 адамдын өмүрүн алып, он миңдеген адамдарды там-жайсыз калтырды. Алты күн тынбай жааган жамгырды коштогон суу ташкын региондогу акыркы 50 жылдагы эң жаман алаамат болду. Кашмирдин Индия тарабында адамдар тамдардын чатырларына чыгып жан сакташууда. Пакистан бийликтеринин маалымдашынча, 500дөй кыштакты каптаган суу санаксыз автомобилдер менен мал-жандыктарды алып кеткен. Индиянын жана Пакистандын премьер-министрлери кырсыкка кабылган элди куткарууда өз ара көмөктөшүүгө макулдашты. Эки өлкө 1947-жылы күнкорсуздук алгандан бери Кашмир үчүн үч мертебе согушкан жана ортодогу контролдук тилкеде тез-тез атышуулар болуп турат.

XS
SM
MD
LG