Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Президент Каримовдун тун кызы кайра сурак берүүдө


Өзбекстандын Башкы прокуратурасы “Каримова Г.” деген жаран уюшкан кылмыштуу топко катыштыгы бар деп шектелип жатканын билдирди. Орустардын РИА “Новости” агенттиги өзбек өкмөтүндөгү аты аталбаган булакка таянып билдиришинче, кеп президент Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова жөнүндө жүрүүдө. Башкы прокуратура өз сайтында 8-сентябрда маалымдагандай Н.Содиков жана Р.Мадумаров жетектеген кылмыштуу топ адамдарды шантаждап, коркутуп, жалган документтерди жасап, казынага суук колун салган. Жыл башында Гүлнара Каримовага ынак эки адам, анын ичинде Рустам Мадумаров финансылык кылмаштары үчүн узак мөөнөткө соттолгону кабарланган. Былтыркы коррупциялык чатактан кийин 42 жаштагы Гүлнара Каримовага таандык ишканалар жабылып, өзү үй камакка отургузулган. Өзбекстандагы эң бай аял эсептелген Гүлнара Каримова өткөн жылга чейин көбүн эсе Батышта жашаган.

XS
SM
MD
LG