Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Өзбекстанда мажбурлап пахта жыйнатуу өнөктүгү башталды


Быйыл пахта теримге медициналык кызматкерлер менен студент медиктер биринчи болуп айдалды. Поликлиникалардын босогосунда:”Бардык адамдар пахтада. Мекеме саат 6га чейин жабык” деген жазуулар илинген. Медициналык окуу жайлардын студенттери “Ата Журттун жыргалчылыгы үчүн пахта жыйноого өз ыктыярым менен чыктым”, “эгер теримди негизсиз калтырсам, окуудан кетем” деген тил кат жазып беришкен.

Укук коргоочулар өзбек бийликтерин катардагы жарандарды, анын ичинде мектеп окуучуларын мажбурлап пахта тердирет деп узактан бери сындап жүрөт. 2012-жылы пахтачылыкта балдардын эмгеги пайдаланылат деп, 100дөн ашык эл аралык компания Өзбекстандан “ак алтын” сатып алуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG