Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

ФИФА президенти кыргызстандыктарды куттуктады


Футболдун эл аралык федерациясынын (ФИФА) президенти Йозеф Блаттер эл аралык "Көчмөндөр оюндарына" байланыштуу кыргызстандыктарга жана оюн катышуучуларына куттуктоо жолдоду. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, ал жазган катында "Көчмөндөр оюндары" мамлекеттер аралык ымаланы бекемдөөгө салым кошорун белгилеген:

- Көчмөндөр оюндары дүйнө элдерин көчмөндөрдүн таң каларлык тарыхы жана көөнөрбөгөн маданияты менен тааныштырууга өбөлгө болот,- деп жазат Блаттер.

Ысык-Көлдө эл аралык көчмөндөр оюндары бүгүн кечки саат жетиде башталат. Ага 17 мамлекеттен делегация жана спортчулар келген. (SE)

XS
SM
MD
LG