Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Ысык-Көлдө "Көчмөндөр оюндары" башталды


Чолпон-Атадагы ат майданда "Көчмөндөр оюндары" башталды. Ага мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү жана 17 мамлекеттен келген делегация мүчөлөрү катышууда. Театрлаштырылган ачылуу аземин көргөнү он миңге жакын киши келгенин аймактагы кабарчыбыз билдирди. Уюштуруучулар майдан жети миң көрөрманга ылайыктуу экенин айтышкан. Салтанатты миңге жакын милиционер көзөмөлдөп турат.

Иш-чарага Азербайжан, Австрия, АКШ, Орусия, Бразилия, Беларус, Германия, Казакстан, Литва, Өзбекстан, Монголия, Ооганстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Швеция жана Түштүк Кореядан өкүлдөр келери мурда кабарланган.

9-14-сентябрда өтчү “Көчмөндөр оюнуна” катышып жаткан 350дөн ашуун спортчунун 250гө жакыны чет элдиктер. Алар эр эңиш, алыш, күрөш, тыйын эңмей, аламан байге, салбуурун, кыз куумай, тогуз коргоол боюнча мелдешет.

“Көчмөндөр оюнунунун” ачылыш аземин azattyk.kg сайтынан он-лайн көрүүгө болот. (SE\UEz)

XS
SM
MD
LG