Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56

Жол тосууга себепчи аткаминерлерди жоопко тартуу сунушталууда


Жасаган иши коомчулуктун нааразылыгын жаратып, жол тосуу акцияларына себепчи болгон аткаминерлерди жазалоо сунушталууда. Мындай демилге 9-сентябрда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Калмаматов тарабынан көтөрүлдү.

Калмаматов бул демилге тууралуу “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү билдирди:

- Жол тосуу акциялары эки түрдүү себеп менен болот. Биринчиси проблемаларды ушул жол аркылуу чечүү, экинчиси кай бир аткаминерге нааразы болуу. Жол тосууга чыккандарга гана эмес, ошого акцияга себепчи болгон аткаминерге чара көрүү зарыл деп эсептейм.

Шейшембиде Жогорку Кеңештин аталган комитети жол тоскондорго жаза колдонуу боюнча мыйзам долбоорун карады. Аталган мыйзам жайында «Ар-намыс», «Ата Мекен» жана Социал-демократтар фракциясынын лидерлери Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев жана Чыныбай Турсунбеков тарабынан сунушталган. Ага ылайык, жол тосуу акциясына чыккандарды жана уюштургандарды он жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Аталган мыйзам долбоорунун кошумчалар менен оңдолгон варианты кечээ Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинде жактырылды. (SE)

XS
SM
MD
LG