Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер жарыяланды


Бул туурасында “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов билдирди. Анын айтымында, бир айдан соң тендерге катышууга арыз берген компаниялардын арасынан жеңүүчү аныкталат. Бул иш-чара расмий түрдө түз эфирде көрсөтүлөт. Долбоорду ишке ашырууга керектелчү каражатты тандалып алынган фирма өз эсебинен чыгарат.

Мындай чечим кечээ Бишкекте ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун төрагалыгы астында өткөн тендердик комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Аталган долбоор мамлекет менен жеке компаниялардын өнөктөштүгүнүн алкагында ишке ашырылганы жатат.

“Коопсуз шаар” долбоору шаар көчөлөрүнө видеокөзөмөл орнотуу аркылуу коопсуздукту камсыздоону көздөйт. Долбоорду ишке ашыруу боюнча тендердик комиссиянын курамы кыргыз өкмөтүнүн 29-августундагы буйругуна ылайык бекитилген. Комиссиянын курамына ар бир фракциядан депутаттар, жарандык коомдун, министрлик ведомстволордун жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG