Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Сырттан келген автоунаага бажы төлөмдөрү кымбаттайт


Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын башчысы Таалай Бекташевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 22-сентябрдан баштап сырттан алынып келген автоунаанын бажы төлөмдөрү көлөмүнө жараша 10 центке көтөрүлөт. Ошондо орто эсеп менен 2 куб көлөмдөгү машинага бажы төлөм 200 долларга кымбаттайт. Жаңы жылдан тарта бажы төлөмү дагы 50 центке көтөрүлөт. Бул деген 2 кубдук машинеге бажы төлөмдөр 1000 долларга чейин кымбаттайт деген сөз.

Министрлик мындай кадам өлкөгө техникалык талаптарга жооп берген эски машинелердин киришине бөгөт коерун айтып, ошол эле учурда муну Бажы биримдигине кирүүгө даярдык экендигин айтып жатат. Бүгүн Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар өкмөттүн бул токтомуна нааразылыгын билдирип, түшүндүрмө талап кылышты. Өкмөт жакынкы мезгилде бул боюнча малымат берет. (AzK/BkA)

XS
SM
MD
LG