Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Украина: Донбасстын өзгөчө макамы кийинки аптада каралат


Украин президенти Петро Порошенко Жогорку Рада Донецк жана Луганск облустарына өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам долбоорун кийинки апта карай турганын билдирди. Радада сүйлөгөн сөзүндө Порошенко сөз Донецк жана Лугансктын айрым аймактарындагы «жергиликтүү өзүн өзү башкаруудагы убактылуу тынчтык» тууралуу болуп жатканын, өзгөчө макам Украинанын курамында гана берилерин кошумчалады.

5-сентябрда Минск шаарында Украина өкүлдөрү менен орусиячыл козголоңчулар ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга кол койгон. Документте учурда орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп турган Донбасс аймагына өзгөчө макам берүү да каралган. Макулдашууга карабай Донбасста атышуу болуп жатканы кабарланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG