Бул туурасында “Азаттыкка” Чолпон-Атадагы “Көчмөндөр оюнуна" күбө болуп жүргөн АКШнын Калифорния штатынан келген турист Дениэл Линхард билдирди. Анын айтымында, ал Кыргызстанда эс алып жүрүп, уникалдуу оюн өтөрү тууралуу кокусунан эле угуп калган. Ал мындай уникалдуу оюндар өтөрү тууралуу маалымат жеткиликтүү берилгенде Кыргызстанга келем деген туристтердин саны кыйла көп болмок деген пикирин билдирди.
“Улуттук каада-салттар сакталган бул жерди дүйнө эли көрүшү керек болчу”,- деди Линхард.
Ал эми “Көчмөндөр оюну” боюнча даректүү тасма тартам деп келген түркиялык режиссер Кусейин Кылыч оюнду чагылдырууга дүйнөнүн чар тарабынан келген журналисттерге иштөө шарты жакшы түзүлбөгөндүгүн жана милиция кызматкерлеринен орой мамиле болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, чет элдик журналисттерге оюндун ачылышын толук кандуу тартуу мүмкүнчүлүгү болгон эмес. (AzK/UEz)