Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Пакистанда согушкер делген 65 киши өлтүрүлдү


Пакистан авиациясы Ооганстандын чек арасына жакын жайгашкан талиптердин беш баш калкалоочу жайына сокку урду. Натыйжада согушкер делген 65 киши өлтүрүлдү. Бул тууралуу Пакистандын Коргоо министрлиги кабарлады. Абадан сокку экстремисттерге каршы күрөшүү операциясы жүргүзүлгөн Түндүк Вазиристанга жасалган.

Пакистан армиясы талиптерге жана чет элдик согушкерлерге каршы соккуларды 15-июнда баштаган. Ошондон бери 900 согушкер жок кылынганы айтылууда. Бул операцияларга байланыштуу жарым миллионго чукул тургундар өз үйлөрүн таштап качышкан. Алар учурда атайын лагерлерде жашап жатышат.

6-сентябрда Карачиде болгон жардыруу үчүн пакистандык талиптер жоопкерчиликти алышты. Анда үч киши мерт кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG