Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Орусия Польшага газ берүүнү кыскартты


Украинадагы абалдын курчуганына байланыштуу Орусия Польшага көгүлтүр отундун көлөмүн 24 пайызга кыскартты. Польшанын мунай жана газ ташыган PGNiG компаниясы газдын көлөмү азайганын жана анын себептерин билүүгө аракет кылып жатканын кабарлады. Украинанын бул тармакта иштеген ишканасы Орусия Польшанын Украинага газ берүүсүн үзгүлтүккө учуратуу максатында ушул кадамга барганын айтууда. Азырынча “Газпром” буга байланыштуу түшүндүрмө бере элек.

Орусия соңку кырдаалдарга жана көгүлтүр отундун баасына байланыштуу Украинага газ берүүнү токтоткон. Азыр Украина газды Европа өлкөлөрүнөн алып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG