Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Украина Орусиянын чегине “дубал” кура баштады


Президент Петр Порошенконун тапшырыгы боюнча Орусия менен чек араны бекемдөө жаатындагы курулуш иштери башталды. Маалыматка ылайык, чек аранын 1500 километр бөлүгү бекемделип, аскерий техника үчүн 8000ден ашуун окоп казуу пландалган.

1-сентябрь күнү бекитилген “Дубал” долбооруна ылайык, чек арага бийиктиги эки метр келген металл тор орнотулат. Айрым аймактарда торго электр өткөрүлөт. Долбоорду бүтүрүүгө жети айга жакын убакыт кетери айтылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG