Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Пакистанда селден улам 700 000 адам эвакуацияланды


Жүздөгөн кишинин өлүмүнө алып келген нөшөрлүү жаандан улам, Пенжаб провинциясындагы жашоочулар коопсуз аймактарга көчүрүлүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук башкармалыктын жетекчиси Ахмад Камал билдиргендей, 10-сентябрда Жанг районундагы Чинаб дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп жатканы байкалды. Өткөн жума соңунда башталган суу ташкынынан улам Пакистанда жана Индиянын Кашмир аймагында 440 адам каза болду. Талаадагы эгин талаалары зыян тартып, имараттар жарактан чыкты. (SE)

XS
SM
MD
LG