Бул туурасында Жогорку Кенештин депутаты Элмира Жумалиева бүгүн парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, ушул тапта Талас облусунда тоюн маселеси кыйындап, таластыктар Чүйгө келип чөптүн бир таңгагын 250 сомдон ташып кетип жатат. Депутат Айыл чарба минисрлигинен Кыргызстандагы быйылкы тоют камылгасы туурасында маалымат берүүсүн талап кылды.
Быйыл өлкө боюнча кургакчылык өкүм сүргөнүн адистер белгилешүүдө. Айрым аймактарда кургакчылыктан тоют камдалчу таалаларга суу жетпей, чөп күйүп кеткен. Мындан улам малчылар башка аймактардан чөп издөөгө аргасыз болууда. (AzK)