Жалал-Абаддагы аскер прокуратурасы Коргоо министрлигинин Ала-Букадагы №30670 аскер бөлүгүнүн айрым кызматкерлери жаңы дайындалган командир Мурат Мамбетовго баш ийбей жатканы тууралуу фактыны иликтеп жатат. Облустук аскер прокурору Сагындык Мукашев келишимдик негизде кызмат өтөгөн 80дей адам кечээ жумушка чыкпай койгонун “Азаттыкка” тастыктады. Мамбетов баш ийбей жатат деген маалыматты жокко чыгарды, бирок мүлкүнө кол салуу фактысы иликтенип жатканын билдирди.
7-сентябрдын түнүндө белгисиз бирөөлөр командирдин үйүнө дарбазадан ашып кирип, унаасын талкалап кетишкен. Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Баатыр Култаев бул факт боюнча эки адам көрсөтмө бергенин, материалдар аскер прокуратурасына жөнөтүлгөнүн билдирди. Коргоо министрлиги бул окуя боюнча комиссия түздү. (EBM)