Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Сириядагы согушта кыргызстандык беш жаран каза болду


Сириядагы жарандык согушка катышып жүргөн кыргызстандыктардын бешөө каза болгонун “Азаттыкка” бүгүн УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди:

- Такталган маалыматтар боюнча, ушул тапта Сириядагы согуштук аракеттерге 90дон ашуун кыргыз жараны аралашып жүрөт. Арасында кыз-келиндер да бар. Түркиянын күч органдары менен биргеликте эки кызды Кыргызстанга кайтардык. Алар псхилогиялык курстан өтүп, учурда жакындарынын көзөмөлүндө.

Жогорудагы сан расмий гана көрсөткүч. Бейрасмий түрдө алар мындан көп болушу ыктымал.

Согушка аттангандардын айрымдары радикал көз караш менен, кээ бирлери бирөөлөрдүн тузагына илинип барышкан. Атайын кызмат өкүлдөрү экстремисттик топтор жарандарды окууга же жумушка деп алдап, Сирияга алып кетип жатканын эскертип келет. (SE/BkA)

XS
SM
MD
LG